Апта: Саясатташкан картөшкө, Мургабдагы жашыруун база

8

18-февралда башкалаанын Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга айыпталгандардын иши боюнча соттук угуу башталды.

Айыпталуучулар: мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков мененЖантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов. Булардын Лавровадан башкасы Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында отурушат.

Өткөн аптада Башкы прокуратура кылмыш иши менен таанышып чыгып, жогорудагы мурдагы кызматкерлерге тергөөдө коюлган айыптар негиздүү деп тапкан. Аларга “Коррупция” жана “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” деген беренелер менен айып тагылып жатат. Биринчи соттук жыйын жабык өтүп, ага адвокаттардан башка эч ким кире алган жок.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов ​»тергөөчүлөр ушуга чейин иш боюнча 54 том чогултту. Чынын айтсам анын баары жөн эле таштанды болуп калды. Эч кандай далилдер жок» — деп билдирди. Ал ошондой эле айыпталуучуларды 20 адвокат коргоп жатканын кошумчалады.

Өткөн аптада башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентке келип маалымат бергенде, ЖЭБди модернизациялоого кеткен Кытай насыясынан мамлекет 111 миллион доллар зыян тартканы тергөөдө аныкталганын айтты.

Өткүрбек Жамшитов
Өткүрбек Жамшитов

«Жалпы чыгымдарды 386 миллион долларга жеткириш үчүн курулуш материалдары менен жабдуунун баасын атайылап жогору көргөзүп жазышкан» — деди баш прокурор. Ал «президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Сапар Исаков кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чаап, өкмөттүн укуктарын өзүнө ыйгарып алуу менен компанияны тандоону, келишимдин баасын бекитүүнү жана кол коюуну уюштурганы аныкталды» — деген тергөөнүн корутундусу менен тааныштырды.

Мурдарак адвокат Токтакунов «ЖЭБди модернизациялоо боюнча чечимди парламент ратификациялап берген» деген жүйөгө таянып, бул маселедеЖогорку Кеңештин жоопкерчилигин козгогон. Ал парламенттин экс-төрагасы Асылбек Жээнбековду жана ошол кездеги тармактык комитеттин төрагаларын жоопкерчиликке тартууну сунуш кылган. ​»Модернизация учурунда өлкөгө канча зыян келсе, ага Жогорку Кеңеш жооп бериши керек. Алар саясий жоопкерчиликти алышы керек» — деген адвокат. Ушул эле маселени Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина парламентте туруп айтты.

ЖЭБди жаңылоого Кытайдан алынган 386 млн. доллар насыянын максаттуу пайдаланылышын иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү Алмазбек Токторов «​өкмөт ошол учурда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин көрсөткөн эмес» деп, күнөөнү башка жакка оодарды.»Парламент долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин көрбөй туруп келишимди ратификация кылып бергени үчүн саясий жоопкерчилик алышы мүмкүн. Ал эми кылмыш иши долбоорду аткаргандарга козголот» — деп түшүндүрдү депутат.

Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу жемкорлук саясий талашка айланып, бийликтин мыйзам чыгаруу бутагы канчалык өз алдынча чечим кабыл алат деген суроону курчутту. Мамлекеттик ишмер, «легендарлуу парламенттин» төрагасы Медеткан Шеримкулов «Азаттык» менен болгон маегинде ЖЭБиндеги коррупцияга боюнча сот процесси кыргыз бийлиги, сот системасы үчүн «чоң сыноо» деген баасын берди:

Эксперттер белгилегендей, бир миллиондон ашуун эл жашаган борбор калаанын ЖЭБин модернизациялоодогу жемкорлук иши мурдагы жана азыркы президенттердин алакасына ажырым салган факторлордун бири болуп калды.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев былтыр КСДПнын курултайында сүйлөгөндө Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкка Сооронбай Жээнбеков башкарган өкмөттүн тиешеси бар экенин, стратегиялык ишкананы жаңылоого тендер2016-жылы ал өкмөттү башкарып турганда өткөрүлгөнүн баса белгилеген.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши 2014-жылдын апрелинде башталып, 2017-жылы августта аяктаган. Ага кеткен 386 миллион долларды Кытайдын Экспорт-импорт банкы насыя катары берген. Ишти Кытайдын TBEA компаниясы жүргүзгөн.

Астана — Бишкек: Картөшкө саясий куралга айландыбы?

19-февралда Казакстан Кыргызстандан жана Өзбекстандан азык-түлүк алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Фитосанитардык чектөөдөн улам кыргызстандык дыйкандар картөшкө, алма, курмасын сата албай убара. Казак бийлиги өз чечимин коңшу өлкөдөн кирген азык-түлүктөн курт чыкканы менен түшүндүрдү. Астананын билдирүүсүндө 2018-жылы жана 2019-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстандан ташылган өнүмдөрдөн 500дөн ашуун карантиндик фитосанитардык эреже бузуу катталганы айтылат.​

Картөшкө маселеси саясатташты

«Кыргыз ленд» экспортерлор жана импортерлор ассоциациясынын жетекчиси Линара Ниязбекованын белгилешинче, быйыл дыйкандар 200 миң тоннадай картөшкөсүн сата албай калды. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалыматы боюнча кампада 200 миң тонна эмес, 50 миң тонна картөшкө жатат. Ошондой эле алты миң тоннадай алма сатылбай турат.

Былтыр өлкөдө 84,4 миң гектар жерге картөшкө айдалган. Жалпысынан 1,5 миллион тонна түшүм жыйналган.

Айыл чарба министрлиги Астана мындай чектөөнү «негизсиз киргизди» деп эсептейт. Министрдин орун басары Эркинбек Чудуев Казакстанга жана Евразиялык экономикалык комиссияга кат даярдалып жатканын жума күнү билдирди. ​»Биз ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсүбүз. Ал жерде келишимдин 12-тиркемесинин 25-пунктунда «алар сөзсүз түрдө сүйлөшүүгө барыш керек, анан акыркы чараны кабыл алуусу зарыл» деп даана жазылган» — деп, бирдиктүү экономикалык аймактын эрежелерин эске салды.

«Негизинен алар бул маселени саясатка айландырып жатышат, бул туура эмес» — деген Чудуевдин сөзүн министр Нурбек Мурашев жума күнү парламенттеги “Республика — Ата-Журт” фракциясынын жыйынында ырастады.

Министрдин айтканына караганда, Кыргызстан Казакстандын гидропостторго эсептегич коюу тууралуу талабын аткаруудан баш тарткан соң, Астана айрым айыл чарба өнүмүнө тыюу салды.

Кыргызстан суудан пайда тапкысы келет

Апта башында Астанадан келген делегация Бишкекте жазгы сугат иштерин талкуулаган. Анда казак тарап агызылган суунун көлөмүн түз режимде көрүп туруу максатында Орто-Токой жана Киров суу сактагычтарына видео көзөмөл орнотууну сунуш кылган. Кыргыз тарап ал сунушка макул болгон эмес. Андан эки күндөн кийин Астана кыргызстандык айрым айыл чарба өнүмдөрүн киргизүүгө тыюу салган.

Картөшкө маселеси Жогорку Кеңеште да талкууланып, вице-спикер Мирлан Бакиров өкмөткө ыкчам штаб түзүп, тезинен чара көрүүнү суну кылды. «Тез арада коңшулар менен сүйлөшүү жүргүзүп, зарыл болсо өзүбүздүн ички кардарларды – армиядан баштап бала бакчага чейин камсыз кылыш керек. Мамлекет алар үчүн дыйкандардан түз сатып алыш керек. Өкмөт барбы?» — деген суроону койду.

«Күнөсканалар ассоциациясынын» төрагасы Тилек Токтогазиев жалпы эле агрардык тармакты өнүктүрүүнүн, дыйкандардын эмгегин эффективдүү кайтаруунун жолу деп жаңы технологияларды тартууну түшүнөт.

Кыргызстан Казакстандан сырткары Өзбекстанга, Түркмөнстанга картөшкө экспорттойт. Былтыр 73 өзбек ишканасы Кыргызстандан 145 миң тонна картөшкө сатып алууга ниетин билдирген. Бирок тараптар макулдашууга келе алышкан эмес. «Азаттыктын» өзбек өкмөтүндөгү ишенимдүү булактары “кыргыз картөшкөсү кымбат болгондуктан» өкмөт аралык келишимге кол коюлбай калганын маалымдаган.

«The Washington Post»: Мургабда Кытайдын аскер базасы бар

Америкалык басылманын маалыматына караганда, Кытайдын чек ара бекети Мургаб районундагы ооган-тажик чек арасындагы Вахан бекетине чукул жайгашкан. Басылманын Бээжиндеги журналисти Гарри Ших тажик-ооган чек арасына барганда Кытайдын “чакан аскер базасын” да көрүп келген. Ших Мургабдагы базарда кытайлык аскерлерге кезиккен, алардын бири Ма аттуу жоокер үч-төрт жылдан бери Тажикстандын аймагында жүрүшкөнүн айтып берген. Кытайлыктар Шинжаңдагы аскерлер кийгендей униформачан жүрүшкөн.

Мургаб
Мургаб

Чек ара бекетине кире бериште Кытайдын жана Тажикстандын мамлекеттик белгилери илинип турат. Бирок журналист имарат кимге таандык экенин жана аскердик жайды ким каржыларын тактай алган эмес.

“The Washington Post” жандоочтон тартылган сүрөттү да жарыялады, анда чакан жайда казарма жана окуу аянтчасы бар экени көрүнөт.

Мургабдын тургундарынын айтымында, бул жерде ондогон, жүздөгөн кытайлык аскерлер бар. Алар базардан топоздун этин жана башка азык-түлүк сатып алып турушат. Аскерлерди жергиликтүү тилмеч коштоп жүрөт. Гезит базарда соода кылып жаткан эки кытай аскеринин сүрөтүн макалага кошуп басты.

Азырынча бул маалыматты тажик бийлиги жокко чыгарып, же ырастай элек. Басылманын макаласы журналисттик кылдат иликтөөнүн негизинде сүрөттөр менен кошо жарыяланды. «Азаттыктын» тажик кызматынын редактору Хиромон Бакозода бул суроого келгенде «тажик бийлигинин реакциясы таң калтырганын» айтты«Адегенде эле биз Тышкы иштер министрлигине, өлкөнүн Чек ара кызматына, Мургабдын жергиликтүү бийлигине кайрылдык. Алардын жообу супсак, дээрлик бирдей болду. Бийликтин жогорку деңгээлинде отургандар маалыматты четке каккан да, ырасташкан да жок» — дейт журналист.

Бирок акыры Тажикстандын Чек ара кызматында иштеген, атын-жөнүн ачык айтууну туура көрбөгөн эки жооптуу адам Мургабда Кытай менен Тажистандын биргелешкен чек ара штабы бардыгын ырасташкан. Ал эми макалада сөз болгон аскерлер ошол чек ара отрядына карарын айтып беришкен.

Мургабда башка өлкөнүн аскерлери жүргөнүн «Азаттыкка» ырастаган булактар кытайлыктар жуманын белгилүү бир күндөрү базанын сыртына чыгууга укугу бар экенин кошумчалашты. Маалыматка караганда, чек арадагы кытайлык база мындан бир нече жыл мурун түзүлгөн.

Америкалык гезиттин макаласы эки-үч күндөн бери кызуу талкууланып жатканына карабай, коңшу өлкөнүн Чек ара кызматынын башчысы генерал Ражабали Рахмонали журналисттерге “комментарий берилбейт” деп гана жооп кайтарды.

Москвадагы Саясий жана аскердик талдоо институтунун директорунун орун басары Александр Храмчихин 2016-жылы Кытай-Пакистан-Ооганстан-Тажикстан кирген аскердик делген блок түзүлөөрү тууралуу сөз болгонун эске салды«Андыктан бул төрт өлкөнүн кайсынысында болбосун, Кытайдын аскердик базасынын ачылышы толук мүмкүн эле. Анткени Кытай бул өлкөлөрдө ар тараптуу ишмердик жүргүзөт. Бээжиндин “Бир жол, бир кемер” стратегиясына Борбор Азия да камтылган» — деп чечмеледи москвалык эксперт.

Храмчихиндин пикиринде, Тажикстандын аймагында кытайлык аскерлердин жүргөнү Москва үчүн «жагымсыз кабар». Эгер Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) кирген өлкөлөр бул тууралуу мурдатан кабардар болсо, анда эч ким билбегендей түр көрсөтүп коюшу мүмкүн.

Коңшу өлкөнүн аймагында Орусиянын №201 аскердик базасы жайгашкан. Жети миңдей аскер баш калаа Дүйшөмбүдө жана Коргон-Төбөдөгү Москвага караштуу жайларда кызмат өтөшөт.

Тажикстандын Мургаб районунда жашаган элдин 80% кыргыздар. Бул аймакта 14 миңден ашуун эл жашайт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.