Апта: кендер чатагы, экономиканын абалы

9

Узап бараткан аптанын урунттуу окуяларына сереп.

Кумтөр кенин иштеткен “Центерра Голд” Кыргызстанга эки жылдан бери дивиденд төлөбөй келе жатканы ачыкка чыкты. Өкмөт бул жумада макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгын чыгарды.

АКШда Конгресске шайлоо өттү. Демократтар Республикалык партияны артка таштап, Өкүлдөр палатасында жеңишке жетти.

Терек-Сайдагы тиреш

Ушул жумада Чаткал районунун Терек-Сай айылында кенге байланыштуу дагы чыр чыкты. Бул Кыргызстандагы, анын ичинде Чаткалдагы кен байлыктарды иштетүүгө байланышкан акыркы жаңжалдардын бири болуп калды. 6-ноябрдагы чырда кенди кайтарган күч кызматкерлери менен жергиликтүү эл тиреше кеткен.

Терек-Сай айылынын тургуну Нурлан Сымановдун айтымында, ал ошол күнү жылкы айдап келгени бараткан. Бирок мал жайылган аймакты алтын казган “Эти Бакыр Терексай” компаниясы тостуруп алгандыктан ал жерди кайтарган күч кызматкерлери аны коё берген эмес:

— Мурда эч кандай тосмо жок болчу. Пост болсо кечээ жакында гана коюлуптур. Биздин айылдын малы ар дайым ошол жерге жайылат. Ал жерден уй, жылкы айдайбыз, кой да ушул аймактан чыгат. Булар болсо пост коюп алып адамдарды өткөрбөй жатат. Мени да өткөрбөй коюп ортодо түшүнбөстүктөр чыгып кетти. Мени алып кирип төртөөлөп тепкилешти. Муунтуп, колумду кайрып, жерге жаткырып сабашты.

“Эти Бакыр Терексай” компаниясынын 25 пайызына “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасы, ал эми 75 пайыз үлүшүнө түркиялык “Эти Бакыр” компаниясы ээлик кылат. Ал былтыр мамлекетке салык жана башка төлөм катары 82 млн. сом төлөгөн. “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын маалыматына караганда, “Эти Бакыр Терексайда” 352 кызматкер иштесе, 96% жергиликтүү тургундар. Орточо айлык акы 22,5 миң сом.

Чаткал району.
Чаткал району.

Бирок Чаткал жана Ала-Бука райондорунун тургундары менен анда кен казган кытайлык, казакстандык жана башка компаниялар ортосунда улам бир жерде чыр чыгып келе жатат. Кендерге байланышкан чатактар өлкөнүн башка облустарында да катталган.

— Чаткал районунда канча деген фирма бар. Бир күндө канчалаган тонна-тонна техника өтөт. Жолду талкалап бүтүштү, жолду эч ким карабайт. Элдин маселесин да караган эч ким жок. Фирмалардан түшкөн каражат кайда кетип жатканын билбейм. Барып көрсөңүздөр, экология элдин зээни кейий турган болуп калган. Сайлардын ичин казып салышкан, канча деген тал-теректер, өсүмдүктөр талкаланган, — деген “Азаттыкка” Чаткал районунун тургуну Мукан Жоробеков.

Кендерге мораторий киргизүү сунушу

Ал арада укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Ала-Бука жана Чаткал райондорун кыдырып, абалды өз көзү менен көрүп келгенин, бир гана Чаткалда кен казууга 100дөн ашык компанияга лицензия берилгенин, аймакта жаратылыш байлыктары талкаланып, миллиарддаган долларлык зыян келтирилип жатканын айтып чыкты. Ушундан улам ал президентке кайрылуу жазып, кен казууга мораторий киргизүүнү сунуштады:

Токтайым Үмөталиева.
Токтайым Үмөталиева.

— Биз баарыбыз Кумтөр деп кыйкырып жүрсөк, мамлекеттин бардык жеринин эле таш-талканы чыгыптыр. Коррупцияга малынган, ошонун башында турган биздин чоңдор өздөрүнүн коркунучтуу инвесторлорунун артын жаап, иштерди жасата берген экен. Тез арада лицензия берүү мыйзамын карап чыгып, коррупциялык элементтерди жоюш керек. Парламент чечкиндүү болуп, иликтеп-текшерип бүтмөйүнчө, лицензияларга убактылуу мораторий киргизүү зарыл. Эгер ушундай чечкиндүү чечимдер кабыл алынбаса, анда абал оор болуп кетет.

Чаткал гүлдөп кеткен жок

23 миңдей гана калк жашаган Чаткал району Кыргызстандагы тоолуу, шарты катаал жана алыскы аймактардын бири. Жергиликтүү тургундардын баамында, кен байлыктарын казууга ондогон лицензия берилген аймак алда канча өнүгүп кетиши керек эле. Бирок район дагы деле республикалык бюджеттин эсебинен дотацияда отурат. Алар муну кен казуу тармагындагы коррупциядан, туура эмес мамлекеттик саясаттан көрүшөт. Мындай ойго Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев да кошулат:

Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

— Ондон ашык кен иштеп жаткан жерде эч бир маселе болбош керек эле. Чаткал керек болсо шаарга айланып кете турган акыбалга жетиши керек болчу. Тескерисинче, аларда абал күндөн күнгө начарлап бара жатат.

Адистер да Чаткалдагы кен байлыктарды иштетүүнүн мисалынан, элдин нааразылыгынан, бузулган экологиядан кийин Кыргызстан өзүнүн жер байлыктарын иштетүү саясатын кайра карап чыгышы керек дешет.

Жер казынасынын запасы боюнча мамлекеттик комиссиясынын маалыматына ылайык, 2018-жылга карата өлкө аймагында 46 ири алтын запасы бар кендер бар экени аныкталган. Алардагы жалпы алтындын запасы 666 тоннаны түзөт. Кыргызстанда баалуу металлдарды чалгындоо жана иштетүүгө 593 лицензия берилген. Анын ичинен кенди казып иштетүүгө 104 лицензия туура келет. Калгандары чалгындоо иштерин жүргүзүшү керек. Мунун ичинен учурда 39у алтын өндүрүп жатат. Учурда өлкөдө 53 кенде казуу, 51 кенде долбоорлоо иштери жүрүү. Кыргызстанда 2017-жылы жалпысынан 22 тонна 797 килограмм алтын өндүрүлгөн. 2018-жылы 21 тонна 730 килограмм алтын өндүрүү пландалууда.

Кумтөрдөгү туңгуюк жагдай

Кендер демекчи, өлкөдөгү эң чоң алтын кени Кумтөрдү иштеткен “Центерра Голд” Кыргызстанга эки жылдан бери дивиденд төлөбөй келе жатканы да ушул жумада ачыкка чыкты. Келишимге ылайык, канадалык компания тапкан кирешесинен жылына 12 миллион доллар кыргыз өкмөтүнө берип турушу керек эле. Кыргызстандын атынан “Центерра Голддун” директорлор кеңешинин мүчөсү Бектур Сагыновдун айтымында, буга соттошуулар себеп болууда:

— Эки жыл мурда Кыргызстандын соттору «Кумтөр Голд компанинин» эсептерин камакка алган, — деди ал. — Бул компания «Центерра Голдго» карайт. Ошол учурда “Кумтөр” “Центеррага” акчаны которо албаганы үчүн бул компанияда акча жетишпей калган. Ошондон кийин “Центерра Голд” кыргыз өкмөтүнө каршы эл аралык арбитраждык сотко кайрылган. Ошол учурда “Центерра Голд” акчанын тартыштыгын эске алып, “арбитраждык соттун жүрүшүн карайлы” деп дивидендди токтотуп койгон.

Кумтөр кени.
Кумтөр кени.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөтү “Центерра Голд” менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, былтыр жаңы экологиялык келишимге кол коюлган. Келишимдин шартына ылайык, канадалык компания Кыргызстанга кошумча экологиялык төлөмдөрдү төлөп, буга жооп иретинде кыргыз өкмөтү бардык соттордогу доо арыздарын чакыртып алышы керек болчу. Бирок бул келишимдин күчүнө кирүү мөөнөтү жакында 2019-жылдын январь айына чейин узартылды. Улам бир өкмөттөн кийинкисине мураска калып келе жаткан Кумтөрдүн экономикалык жана экологиялык маселеси кантип чечилери белгисиз.

Leave A Reply

Your email address will not be published.