Света ТОЙГОНБАЕВА, төлгөчү:“СОКЕ АТАМБАЕВДИ АЗЫР КАМАБАСА, ЭРТЕҢ КЕЧ БОЛУП, АЗАБЫН ТАРТАТ!”

14

Бу сапар Света айым менен мурдагы жана азыркы президенттерге төлгө тарттырыпа көрдүк. Алмазбек Атамбаевдин бийликке аралашаар, аралашпасын билүүгө аракет кылдык.

“Бийликти алмаштырууну көздөгөндөр бар!”

Сооронбай Жээнбеков жакшы иштөөгө аракет кылганы менен жер-жерлердеги ал ишеним арткан жетекчилер ойдогудай иштеген жок. Облустагы жетекчилердин чабалдыгынан элдин нааразычылыгы күчөп жатат. Эмнегедир президенттин иши барган сайын татаалдашып, аурасы карарып жатат. Президентти алсыратыш үчүн окулган кара дубалардын кесепети ден соолугуна кедергисин тийгизип, туўгуюкка кептелет деген аян келип жатат. Ал турсун президентке нааразы болгондор эки жерде эл чогулуп, Сооронбай Жээнбековго каршы катуу каршылык башталаарын айткан карталар түшүп жатат. Президент тазаланып, жанындагылардан сак болбосо, кара пиардын кара дубанын кесепетин тартат. Эмнегедир президенттин тазалагычтары ойдогудай тазалай албай жатыптыр. Жакында президенттин иниси Асылбекке да каршылар чыгышы мүмкүн. Кыскасы, президенттен ишеним кетти дегендей түр көрсөтүп, бийликти алмаштырууну көздөгөндөр да бар. Ак үй ушактын төрү болуп, элдер ызылдап чуркап жүргөнүн көрүп жатам. Кудай сактап, жакшылыгынан, тынчтыгынан берсин деп тилек кылып жатам.

“Атамбаев келерки жылы бийликке аралашат го…”

Атамбаевдин эмнегедир аурасы тазаланып калыптыр. Мурда төлгөгө ден соолугунун айласын таппай кыйналып отурганы түшсө, бу сапар “эмки жылдардан бийлик сересине аралашат” деген аян түштү. Атамбаевди үч адам тазалап, бийликке келчү жолун ачып жатыптыр. Сыягы, Сооронбай Жээнбеков алданып калат окшойт. Аны кантип бийликке аралаштырганны байкабай калат көрүнөт. Негизи президент Атамбаевди быйыл кол тийбестигинен ажыратып, камоого аракет кылбаса, кийин кеч болуп калат. Эмки жылы ага тиш да сала албай калат. Баса, Атамбаев менен Жээнебековдун байланышы бар экенин көрсөткөн карталар да түштү. Буларда негедир байланыш барган сайын күчөп баратканын көрсөткөн карталар түшө баштады. кудай сактай көр. Деги тынччылык эле болсо экен. “Роза Отунбаевага кут конду”

Учурда Роза Отунбаева Кыргызстанга пайдалуу иш жасасам деген ой менен алек болуп, бийликке кол кабыш кылгысы келип жатат. Отунбаеванын башына кут конгонун көрсөткөн аян түштү. Кудай буюрса, чоў ийгиликтер, жакшылыктар болот. Зоболосу мындан да жогорулайт. Урматсыйдын үстүндө болот.

“Акаевди чоң сыйлык күтүп жатат”

Аскар Акаевге Россия тараптанбы, чоң сыйлык берилгени жатат. Анын кадыр-баркынын арты менен балдар-кыздары да жакшы жерлерден орун-очок алышат. Бирок, 1-2 жылдын аралыгында Кыргызстанга келе албайт. Азырынча мекенине келүүгө жол жок деген карта түштү.

“Бакиев Кыргызстанга келет деген карта түштү”

Эмнегедир Курманбек Бакиевдин аурасы оорлошуп, денсоолугу ойго салып турганын көрөткөн аян келди. Ошондой эле “Кыргызстанга келет”- деген карта түштү. Бакиевге жол түшүп турат.

 “Канат Исаевге дагы оомат келет”

Канат Исаевдин иши эки жылда араң жабылат. Бирок, оомат келип, дагы бир жолу канат, байланып күркүрөйт, ал багынтчу ийгиликтер алдыда деген аян келип жатат.

“Шакинин эки ишканасы жабылат”

Шаки элди эмес, өзүн ойлогон адам экен. Иштеринде тоскоолдук боло баштаптыр. “Жакында эки бизнеси жабылып, ишканасы банкротко учурайт” деген аян келди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.