Сауд Арабиясы Хашоггинин өлүмүн моюнга алаары кабарланууда

4

Булактардын бири баяндама даярдалып жатканын, анын мазмуну өзгөрүшү ыктымал экенин айтып берген. Экинчи булак баяндамада «сурак уруксатсыз жүргүзүлгөнү, жооптуулар жазага тартылары» жөнүндө сөздөр камтылышы мүмкүн экенин айтат.

Акыркы жылдары саудит бийлигин сындап жүргөн журналист Жамал Хашогги 2-октябрдан бери дайынсыз. Ал Стамбулдагы Сауд Арабиясынын консулдугуна кирген боюнча чыккан эмес. Түркиянын атайын кызматтары «Хашогги өлтүрүлгөн» деп билдирүүдө.

Журналисттен дайын чыкпай жатканына байланыштуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 16-октябрда Эр-Риядга келди. Сауд Арабиясынын падышасы Хашоггинин жоголушуна тиешеси жоктугун билдирип жүрөт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.