Непалдагы тоодо каза болгон 9 альпинисттин денесин алып түшүштү (сүрөт)

4

Каза болгон альпинисттердин арасында Түштүк Кореянын 5 жараны жана жергиликтүү 4 жол көрсөтүүчү болгон. Алар Гималай тоолорундагы 7,2 чакырым бийиктиктеги Аннапурна чокусун багындырууну пландашкан. Альпинисттер 3,5 чакырым аралыкты басып өткөндөн кийин ошол жерге жайгашып, бирок кар аралаш шамал болуп, топтогу бардык адам көз жумган.

Куткаруучулар алардын денесин лагердин ар кайсы жеринен табышты. Болжолдуу маалымат боюнча, муз жана кар чокудан түшүп, катуу шамал лагерь менен альпинисттерди учуруп кеткен. Алар акыркы эки жылда Непалда каза болгон альпинисттердин эң чоң тобу болуп калды. Топтун лидери кислородсуз дүйнөдөгү 14 бийик чокуга чыккан кореялык Ким Чан Хо болчу.

«TURMUSH»

Leave A Reply

Your email address will not be published.