«Депутатка айтам» деген кытайды кайсы эл өкүлү калкалайт?

5

Көп талкууга жем таштаган бул видеодо кытай жараны “Акырын болуңуздар! Бул коомдук тамактануучу жай” деген эскертүүгө “депутатка телефон чалам” деп кыйкырган.

Ал ортодо социалдык тармак колдонуучулары кытай жаранын калкалаган кайсы депутат экенин түкшүмөлдөгөн пикирлерди калтырып жатат.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова парламент жыйынында кытай туристтери үчүн визасыз режим киргизүү сунушун айткан.

Эл өкүлү муну кытайлык туристтердин миллиарддаган акчасынын агымын Кыргызстанга буруу экенин белгилеп, ошол эле учурда сунуш дыкаттык менен изилденип, коопсуздук жагы да чогуу каралышы керектиги менен негиздеген болчу.

Депутаттын бул билдирүүсү социалдык тармак колдонуучуларынын ур-тепкисине кабылган эле.

Leave A Reply

Your email address will not be published.