Эл кызыкчылыгын жогору койгон,чындыктан тайбаган Рыскелди Момбеков

4

Чындыкты туу туткан, кандай мезгил болсо да өз позициясынан тайбаган, улут кызыкчылыгын жогору койгон эл депутаты, ошондой эле кесиптешибиз Рыскелди Момбеков 13-октябрда эр ортону элүү жаш мааракесин белгилегени турат. Ошону утурлай, Рыскелди мырза тууралуу замандаштарынын ой-пикирин жарыялоо менен, куттук айтып турубуз…

Базарбай Мамбетов, коомдук ишмер, экс-вице-премьер-министр:

“Жогорку Кеңеште Рыскелдидей 20 депутат
болгондо эле парамент азыркыдай илең-салаң болбой, сапаты жогоруламак”

 Рыскелди  айткан 
сөздөрдү  Жогорку Кеңештин
депутаттарынын бирөөсү да айта албайт. 
Рыскелди  арай  көздү 
чарай  кылып, кандай маселе көтөрсө
да, тартынбай, тайманбай  баарын  ачык 
айкын  айтат.  Ал көтөргөн 
маселенин  баары  туура. 
Бирок, бизде “ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” дегендей көрө  албастар 
бар.  Ошолор  интернетке 
ар кандай нерселерди жазып, каралоого аракет кылып жатышат. Бирок,
алардын каралоосу эч нерсеге арзыбайт. Анткени, Рыскелди өзү таланттуу, чечкиндүү,
иш билги инсан. Жогорку Кеңеште Рыскелдидей 20 депутат болгондо  эле 
парламент  азыркыдай  илеңсалаң болбой, сапаты жогоруламак. Кыргыз эли
маал-маалы менен парламент тарасын деген маселе көтөрмөк эмес.

Руслан Казакбаев, Жогорку Кеңештин
депутаты: “Рыскелди мырза депутаттыктын көркүн чыгарды”

 Рыскелди
Чыныбековичти эр ортону 50  жашка  чыгышы 
менен    чын  жүрөктөн куттуктайм. Кутман курак кут
болсун  дегим келет. Кытай менен Индиянын
философиясында  эркектер  элүү 
жашка  чыкканда  жаңы 
жашоо  башталаары  айтылат. Рыскелди  Чыныбекович 
жаңы  жашоодо  жакшы 
ийгиликтерге  жетип,  кадырбаркы 
мындан  да  жогорулап, 
зоболосу көтөрүлүшүнө тилектешмин. Мен Рыскелди  Момбековду 
мурдатан  жакшы  билем. Ал журналист мезгилинде эле курч
маселелерди көтөрүп, таамай,  так жазчу.
Сыягы, анын чындыкты туу тутканы, шар жүргөнү, касиеттүү  Таластын 
кулуну  болуп,  Айтматовду 
дүйнөгө  тааныткан  күркүрөө 
суусунан  ичип  чоңойгонунанбы  деп 
ойлойм. Себеби,  ал  көпчүлүк 
көтөрүүгө  батына албаган  маселени 
көтөрүп,  эл  ичинде 
депутаттыктын  көркүн  чыгарды. 
Мамлекетибизге кедергисин тийгизген маселелерде катуу  туруп,   
патриот  экенин  далилдеди. Тайманбастыгы, өжөрлүгү, таап сүйлөгөнү
менен  элге  кыска 
убакыттын  ичинде  таанылып, 
алдыңкы  депутаттардын  катарын толуктады.  Мен 
Рыскелди  Чыныбековичтин элге
кылган кызматы эч  арыбасын, ага дем күч
берип турган үй-бүлөсүндөгү тылы бекем болуп, анын аракеттерин сабырдуулук менен
колдоп жүрүшүн каалайм.

 Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу: “Парламент
Рыскелдидей бетке айткан, ачык айтып, ак сүйлөгөн депутаттарга муктаж”

 Рыскелди  таланттуу, 
ар  тараптуу  инсан. Ал кандай иш кылса да өтөөсүнө чыккан  адам. 
Маселен,  макала  жазса   маселени 
кабыргасынан  коюп,  катчачылыкты көзгө сайып көрсөтүп жаза алган
калемгер. Ошондой эле укук коргоо тармагын түшүнө билет.  Башкача 
айтканда,  көптөргө  тааныш 
эмес  тармактан  да 
кабардар.  Кыскасы,  Рыскелди 
Момбеков  төрт  тарабы 
төп келген  инсан.  Бүгүн 
парламент  Рыскелдидей  бетке 
айткан,  кандай  маселе 
болсо  да тайманбай  көтөрө 
алган,  ачык  айтып, 
ак сүйлөгөн депутаттарга муктаж. Ал-бул деп ыгы  жок 
сындаганыбыз  менен  Рыскелди саясатчы катары жетилип калды.
Ал  элдин көйгөйлүү  маселелерин 
көтөрө  билген  саналуу 
депутаттардын  алдыңкы  катарында турат.  Мындан 
ары  да  жалтандабай 
күнү бүгүнкүдөй  маселелерди  көтөргөн 
алгыр депутат болушун каалайм.

Эркин Булекбаев, “Жашылдар”
партиясынын лидери: “Ал депутат болсо да, баштагы позициясынан кайткан жок”

Мен Рыскелди менен каардуу режимдерге  каршы 
күрөштөрдө  чогуу  болгом. Анын 
адамгерчилиги,  мырзалык  касиети жогору  инсан 
экенин  билем.  Ал 
депутат болсо  да  баштагы 
позициясынан  кайткан жок. Азыр да
чындыкты туу тутуп, адилеттик үчүн күрөшүп жатат. Мен анын мактоого  арзыган 
аракеттерин  колдойм  жана 
50 жаш  кутман  курагы 
менен  чын  дилимден куттуктайм.

Leave A Reply

Your email address will not be published.