Орус футболчулары камакка алынды

4

«Краснодар» клубунун жарым коргоочусу Павел Мамаев менен «Зениттин» чабуулчусу Александр Кокорин полициядагы сурактан кийин 48 саатка камакка алынды. Экөөнүн бөгөт чарасы 11-октябрда аныкталышы керек.

Москвадагы тергөө башкармалыгына Мамаев 10-декабрда күндүз, Кокорин кечинде келген.

Спортчулар 8-октябрда кафеде мас абалында эки жолу жаңжал чыгарып, жанындагыларды уруп-сабап жиберишкени кабарланган.

Күнөөлүү экени далилденсе эки футболчу беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. «Краснодар» Мамаев менен келишимди дароо үзөөрүн билдирди. «Зенит» клубу тергөө бүткүчө күтмөк болду.

Leave A Reply

Your email address will not be published.