Сарпашевдин эски иши кайра козголду

4

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Тайырбек Сарпашевдин аты аталган кылмыш иши кайра жанданды.

Бул иш боюнча ал «вице-премьер-министр кезинде тендерден утулган ишкананын кызыкчылыгы үчүн тапшырма берген» деп айыпталган эле. Кийин ал иш жабылып калганы кабарланган. Саясатчыга карата бир жыл мурда козголгон иштин кайра иликтене баштаганы түрдүүчө кабылданууда.

Кайра козголгон иш

Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы, экс-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге байланыштуу кайра жандандырылган иш жараксыз күбөлүктөр боюнча экенин ырастады.
Негизги көзөмөл мекемесинин басма сөз катчысы Наргиза Кубатованын айтымында, кайра тергеле баштаган иштин алкагында азырынча эч кимге айып коюла элек.

— Бул өзү токтоп турган иш болчу. Ал жандандырылып, азыр тергөө амалдары жүрүп жатат. Ишти иликтөө Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финполиция) өткөрүлүп берилди, — деди Кубатова.

Кеп болуп жаткан факт боюнча иш Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин негизинде («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») былтыр март айында козголгон. Буга Мамлекеттик каттоо кызматынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү даярдоодо керектелген бланктарды сатып алыш үчүн 2013-жылы 28-мартта өткөн 8 миллион сомдук тендердеги мыйзам бузуу негиз болгон.

Тергөөдө аныкталгандай, беш жыл мурунку тендерде «Т.П» деп аталышы кыскартылган жоопкерчилиги чектелген коом менен «У.» аттуу ачык акционердик коом катышкан. Жыйынтыгында биринчи аталган «Т.П» жеке фирмасы утуп чыккан. Ага карабай ошол кездеги вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бланктарды тендерден утпаган экинчи фирмадан сатып алуу тууралуу “мыйзамсыз протоколдук тапшырма бергени” аныкталганын Башкы прокуратура билдирген.

— Парламентте көтөрүлгөн резонанстуу, мыйзамсыз деген бир нече иш аягына чейин иликтенбей калды. Анын ичинде Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы, мыйзамсыз паспорттордун жасалышы, Кытай жарандарына берилиши, ошол эле күбөлүктөрдүн жараксыз болуп чыгышы да бар. Мен Сарпашев деп эле айтпайм, негизи эле Мамлекеттик каттоо кызматындагы коррупциялык иштердин бетин ачып, күнөөлүүлөрдү жазалаш керек. Антпесе бул тармактагы мыйзамсыз иштер дагы эле улана берет. Иш токтотулуп калгандыктан, айыптуулар жазасыз калып жатып, аягында жараксыз документтерди элге таратып жиберишкен. Анын айынан канча тургундар чет өлкөгө чыга албай, мамлекеттин бюджети зыян тартты. Экинчи жолу кайталанбай тургандай, эч качан жасалма паспорт жана күбөлүктөр берилбей тургандай кылып, кылмыш ишин аягына чыгарыш керек. Бул жерде 40 миң күбөлүктүн мыйзамсыз чыгып атканынын өзү кылмыш иши бар экенин далилдеп жатпайбы. Ал эми кылмыш болгондон кийин тиешелүү адамдар жазаланышы керек.

Кантсе да саясатчыга карата бир жыл мурда козголуп, кайра токтотулган иштин кайра иликтене башташы коомчулукта түрдүүчө кабылданууда. Саясат талдоочу Турат Акимов муну Сарпашевдин азыркы бийлик менен мамилеси начарлаганы менен түшүндүрөт:

Турат Акимов.
Турат Акимов.

— Былтыр кылмыш иши козголгон учурда президенттик шайлоо өнөктүгүнө даярдык башталып калган эле. Бийлик бир колдон экинчи колго өтөйүн деп жаткан чакта «КСДПнын мүчөлөрүн, өкмөт өкүлдөрүн, өнөктөштөрдү чочутуп албайлы» деп токтотуп коюшкан. Башкача айтканда эски режим атайын көз жуумп койгон. Анткени өкмөттөгү адамдарга иш козгоп, камакка алса саясий абал курчуп, ошо кездеги бийликтин командасынын адамдары башка блокторго өтүп кетиши ыктымал болчу. Иштин токтотулган себеби ошол. Азыр жаңы киши президенттикке келгенден кийин Сарпашев бийликке жакпаган тараптарга кошулууга аракет кылып жатканы билинип калышы мүмкүн. Ошол себептен эски иштин башын кылтыйтып, ага “жөн жүр” дегендей эскертүү берип жатса керек. Ага да болбосо башка иштерин деле кайра жандантып салышат. Балким президент Сооронбай Жээнбеков ишке киришкенинин бир жылдык мааракесине жыйынтык катары мурдагы мыйзамсыз иштерди кайра каздыртып, даярданып жаткан болушу да мүмкүн.

Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты, ишкер Тайырбек Сарпашев 2012-жылдан бери мамлекеттик маанилүү кызматтарда жүргөн. Ал 2014-жылга чейин өкмөттө экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министр, андан кийин биринчи вице-премьер-министр болгон. 2015-жылы Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп дайындалып, былтыр иштен кеткен.

Буга мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык Бишкек шаарынын борборундагы бир гектардан ашык жердин сатылып кеткени боюнча козголгон кылмыш иши негиз болгон. Сарпашев бул иште да өзүнүн күнөөсү жоктугун айтып келет.

Июлда президент Сооронбай Жээнбеков мурда токтотулган жана кыскартылган500дөн ашык кылмыш иши кайра иликтенип жатканын билдирген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.