Египеттин шайлоого келбеген миллиондогон тургуну эми айыпка жыгылат

9

Март айында болгон шайлоого 35 миллионго жакын киши келбей койгон.

 Египеттин улуттук шайлоо комиссиясы ушул жылдын март айында болгон президенттик шайлоого катышпаган тургундардын тизмесин Башкы прокуратурага берет. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги «Аль-Ватан» басылмасына таянуу менен билдирди.

Ага ылайык, шайлоого жүйөсүз себептер менен келбей койгон ар бир шайлоочуга 28 доллардан айып салынат.

Март айында болгон президенттик шайлоого жалпысынан 60 миллион шайлоочу добуш бериши керек болсо, анын 34 миллион 823 миңи келбей койгон.

Учурда президент Абдель Фаттах ас-Сиси шайлоодо 22 миллион жарандын добушун алган. Бул өз кезегинде шайлоого келип добуш бергендердин 97 пайызын түзөт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.