Султан Жумагулов көз жумду

4

Маданият, маалымат жана туризм министри  Султан Жумагулов 8-октябрга караган түнү таңкы саат 4.00дөр чамасында ооруканада көз жумду. Бул тууралуу  министирликтен кабарлашты.

Эскерте кетсек, Султан Жумагулов 1959-жылы Нарындын
Ат-Башы районунда туулган. Бир катар маалымат каражаттарында иштеп, «Азаттык», КТРК,
ЭлТРди жетектеген. Андан кийин президенттин аппаратында эмгектенип, 2017-жылы
маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалган.

 Кошумчалай
кетсек, ал журналист, медиа эксперт, жазуучу катары таанымал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.