Көзү көгөргөн Макгрегор: «Согуш уланат!»

4

Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор россиялык Хабиб Нурмагомедов менен болгон беттеши тууралуу пикирин Instagram баракчасына жарыялады.

Россиялык Хабиб Нурмагомедов ирландиялык мушкер Конор Макгрегорду 7-октябрда Лас-Вегаста өткөн UFC 229 турниринин негизги беттешинде муунтуу ыкмасы менен утуп алган. Нурмагомедов беттештен кийин октагондон аттап түшүп, Конордун спарринг-өнөктөшү Диллон Дэниске атырылып, муштагылаган. Бул учурда октагондун ичиндеги Конорго Хабибдин досу Зубайра Тухугов менен бир тууганы Абубакар кол салган.

Кийин Нурмагомедов Макгрегордун командасы анын динине, үй-бүлөсүнө жана мамлекетине асылгандыктан ушундай кадамга барганын түшүндүрдү.

Leave A Reply

Your email address will not be published.